4 - декабрь - Кыргызстанда "Манас эпосунун күнү" белгиленди.

05.12.2018

4 - декабрь - Кыргызстанда "Манас эпосунун күнү" белгиленди.

Бүгүн, 4- декабрь күнү саат 14:00дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында “Манас эпосунун күнү” белгиленди.

Иш - чараны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ачып, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун куттуктоосун Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Кыргыз Республикасынын Премьер- министри М. Д. Абылгазиевдин куттуктоосун Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Ɵмүрбекова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А. Жумабековдун куттуктоосун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Аппарат Жетекчиси Саматбек Ибраевдер жалпы катышуучуларга окуду. 
Иш -чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Ɵмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамоталарын жана энчилүү сааттарын бир катар манасчыларга тапшырып, салтанат театралдаштырылган маданий программа жана концерт менен коштолду.

"Манас" эпосунун үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча репрезентативдик тизмесине Кыргызстандын атынан катталган . Мындай чечимди дал ушул күнү 4- декабрда Баку шаарында материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитетинин VIII жыйынында 24 мамлекеттен турган комитеттин мүчөлөрү кабыл алгандыгы тууралуу маалыматтар айтылды.

Бүгүнкү күндө, материалдык эмес маданий мурасты сактоо жана андан ары изилдөө Кыргыз Республикасынын элдеринин руханий кайра жаралышына жана андан ары маданий өнүгүшүнө багытталган шарттарды түзүү, ата-бабалардын мурасына аяр мамиле кылуу жана муундардын жолун жолдоочулугу, өз алдынчалыкты, улуттук жана тарыхый каада-салттарынын жана өзгөчөлүгүн сактоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негизги милдеттеринен болуп эсептелет.

НОВОСТИ

Аймактарды өнүктүрүү жылында аймактык мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын мыктылары сыйланды.

Подробнее...

Сегодня стартовал VIII Международный кинофестиваль короткометражных фильмов стран СНГ, Балтии и Грузии «Кыргызстан - страна короткометражных фильмов»

Подробнее...

Сегодня, 12 декабря 2018 года в городе Ташкент состоялась торжественная церемония открытие барельефа Чингиза Айтматова, установленного одноименной улице.

Подробнее...

Чынгыз Айтматов 12 - декабрь күнү 90 жашка чыкмак.

Подробнее...

Президенти Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду

Подробнее...

Айматовдун кинолору санариптелди

Подробнее...

Айтматов жумалыгы - кино тармагында

Подробнее...

Ч.Т.Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган жаштар арасында жана массалык маалымат каражаттар арасында жарыяланган республикалык сынагы жыйынтыкталды.

Подробнее...

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов С.А. Герасимов атындагы Бүткүл Россиялык мамлекеттик кинематография институтунда болду.

Подробнее...

В Доме - музея М.В.Фрунзе открывается мероприятие, посвященное 16-летию со дня провозглашения 57-сессией Генеральной Ассамблеи ООН по инициативе Кыргызской Республики

Подробнее...