4- декабрь - "Манас" эпосунун күнү

04.12.2018

Бүгүн, 4- декабрь күнү  саат 14:00дө А. Малдыбаев атындагы  Кыргыз улуттук опера жана балет театрында “Манас эпосунун күнү” белгиленет. Иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз  Республикасынын  Жогорку Кеңешиин жана Кыргыз Республикасынын Өкүмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтөт.

Манас – кыргыз элинин улуу баатырдык эпосу.

"Манас" эпосунун үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча репрезентативдик тизмесине Кыргызстандын атынан катталган . Мындай чечимди дал ушул күнү 4- декабрда  Баку шаарында  материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитетинин VIII жыйынында 24 мамлекеттен турган комитеттин мүчөлөрү кабыл алган.

2003-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар комитети Кыргыз Республикасынын атынан номинацияланган "Акын-манасчылардын көркөм өнөрү адамзаттын дүйнөлүк мурастарынын курамдык бөлүмү катары" долбоорун дүйнөлүк маданий мурастын шедеври деп жарыялаган.

Материалдык эмес маданий мурасты сактоо жана андан ары изилдөө Кыргыз Республикасынын элдеринин руханий кайра жаралышына жана андан ары маданий өнүгүшүнө багытталган шарттарды түзүү, ата-бабалардын мурасына аяр мамиле кылуу жана муундардын жолун жолдоочулугу, өз алдынчалыкты, улуттук жана тарыхый каада-салттарынын жана өзгөчөлүгүн сактоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негизги милдеттеринен болуп эсептелет.

Маалымат катары,

Бүгүн, 4- декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде саат 10:00дө “Манас” эпосунун күнүнө карата Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына, Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына,  Шаабай Азизовдун 90 жылдыгына карата “Манас” – кыргыз рухунун туу чокусу аталышындагы илимий- практикалык конференциясы өтүп жатат.

НОВОСТИ

Аймактарды өнүктүрүү жылында аймактык мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын мыктылары сыйланды.

Подробнее...

Сегодня стартовал VIII Международный кинофестиваль короткометражных фильмов стран СНГ, Балтии и Грузии «Кыргызстан - страна короткометражных фильмов»

Подробнее...

Сегодня, 12 декабря 2018 года в городе Ташкент состоялась торжественная церемония открытие барельефа Чингиза Айтматова, установленного одноименной улице.

Подробнее...

Чынгыз Айтматов 12 - декабрь күнү 90 жашка чыкмак.

Подробнее...

Президенти Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду

Подробнее...

Айматовдун кинолору санариптелди

Подробнее...

Айтматов жумалыгы - кино тармагында

Подробнее...

Ч.Т.Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган жаштар арасында жана массалык маалымат каражаттар арасында жарыяланган республикалык сынагы жыйынтыкталды.

Подробнее...

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов С.А. Герасимов атындагы Бүткүл Россиялык мамлекеттик кинематография институтунда болду.

Подробнее...

В Доме - музея М.В.Фрунзе открывается мероприятие, посвященное 16-летию со дня провозглашения 57-сессией Генеральной Ассамблеи ООН по инициативе Кыргызской Республики

Подробнее...