ДКО -2018: Ош ордодо Хан көтөрүлдү

04.09.2018

Ош ордодо Хан көтөрүлдү

III Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда буга чейин бекитилген программага ылайык иш-чаралар уланды. Кыргызстандын 7 облусу өpдөрүнүн ордосунда түрдүү улуттук оюндарды, театралдашкан оюн-зоокторду тартуулашты.

Алсак, Ош облусу театралдашкан кыргыз элинин “Хан көтөрүү” каада-салтын, нарк-насилин көрсөтүштү. Алгач аксакалы жайкалган даанышман чыгып, ак шумкарды учуруп ал кимдин башына консо ошону хан шайлап алууну сунуш кылды. Көтөрүлгөн ак шумкар элдин үстүнөн айланып учуп, бир азаматтын башына барып конуп, ал жигитти ак кийизге салып, ак боз бээни чалып хан көтөрүп алышты.

Журт аксакалы хандын эл алдындагы милдетин айтып, эл алдында ант бердирип, жалпы журттун батасы берилди.

Бул театралдашкан көрсөтүү Кырчынга келген меймандардын көңүлүн көтөрүп, айрыкча чет элден келген меймандардын зор кызыгуусун туудурду.

Андан кийин Ош облусунун таланттары өнөр көрсөтүштү. Өзгөчө Кыргыз эл артисти, айтылуу обончу-ырчы Жолболду Алыбаев чыкканда көпчүлүк кол чабуулар менен тосуп алды.

Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин Ош облустук бөлүмүнүн башчысы Балтабаев Абдувалинин айтымында, Ош облусу 18 боз үй тигишкен. Анын ичинен 4 боз үй атайын сынакка катышып жатса, 3 боз үй Кырчын этнобазарына тигилген. Мындан тышкары Ош облусу “Элдик чыгармачылык”, “Кол өнөрчүлүк”, облустар аралык улуттук тамак-аш “Гүлазык” конкурсуна катышып жатышат.

Ошондой эле Кыргызстандын 7 облусунун Кырчын жайлоосундагы ордолорунда кеңири программадагы маданий иш-чаралар көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдү, чет элдик меймандарды, журналисттерди өзүнө тартууда

НОВОСТИ

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өз ишин баштады.

Подробнее...

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналаган илимий- практикалык конференция 2018- жылдын 19 - октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде өтөт.

Подробнее...

Россиянын борбордук көргөзмөсүндө уюштурулган 31- Москва эл аралык китеп-ярмаркасында КМШ өлкөлөрүнүн "Искусстве книги" сынагында байгелүү орундарды алгандарды сыйлык тапшырылды

Подробнее...

Премьера нового фильма Марата Сарулу "Мария"

Подробнее...

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын, кинодокументалист, драматург, журналист жана коомдук ишмер Тазагүл Закированын 70 жылдык юбилейи белгиленди

Подробнее...

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып жарыяланган республикалык сынак 2018 –жылдын 1- ноябрында  аяктайт.

Подробнее...

Выездная встреча депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Аиды Касымалиевой совместно заместителем министра культуры, информации и туризма Кыргызской Республики Айнурой  Султанбаевой

Подробнее...

Делегация из Кыргызстана принимает участие в 33-м заседании Совета по культурному сотрудничеству государств-участников СНГ

Подробнее...

МАДАНИЯТ МЕКЕМЕЛЕРДИН АЙЛЫГЫ СУЛТАН ЖУМАГУЛОВИЧТИН КҮЧҮ МЕНЕН КӨБӨЙТҮЛДҮ

Подробнее...

9 октября прошла лекция Чрезвычайного и полномочного Посла Республики Кореи в Кыргызской Республике  Ха Тэ  Ек, посвященная  национальному празднику – Дню провозглашения корейского алфавита.

Подробнее...