III ДКОну өткөрүүдө 28 медициналык бригада, 19 тез жардам унаасы кезмектешет

24.08.2018
III ДКОну өткөрүүдө 28 медициналык бригада, 19 тез жардам унаасы кезмектешет III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда кыргызстандыктарды, конокторду Кыргыз Респуликасынын Саламаттык сактоо министрлигиндеги медициналык кызматкерлердин 28 бригадасы жана 19 тез жардам унаасы тейлейт. Өз учурунда медициналык кызмат көрсөтүү максатында спорттук, маданий иш-чаралар өткөрүлгөн жана эл көп топтолгон жерлерде медицина кызматкерлери кезмектешип иштешет. Чет өлкөлүк расмий делегаттар, туристтер, жарандар жана ДКОго катышуучу спортчулар өткөн Бишкек – Балыкчы – Чолпон-Ата – Кырчын жолдорунда тез жардам унаалары менен медициналык түйүндөр тынымсыз иштешет. Медициналык түйүндөр “Манас” аэропортуна, Манас – Бишкек трассасына, Бишкек, Кант, Токмок айланып өтүүчү жолуна, Боом капчыгайына, Балыкчы экопостуна, “Тамчы” аэропортуна, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданына, ДЧБга, Кырчын капчыгайына жайгаштырылат. Мындан сырткары, Токмок, Балыкчы, Чолпон-Ата аймактык ооруканаларынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн саламаттык сактоонун үчүнчү баскычтагы уюмдарынын адистери тартылат. Муну менен бирге оюндар өтө турган жерлерде санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл уюштурулат. Ушул максатта саламаттык сактоо кызматтарынын жетекчилери ичүүчү, көл, агын сууларын жана топуракты, көл жээктеги кумду лабораториялык көзөмөлдөн өткөрүү, дезинфекциялык, дезинсекциялык иш-чаралары уюштурулат. Ошондой эле күн сайын ичүүчү суу жана тамак-аштар лабораториялык текшерүүлөрдөн өтүп турат.

НОВОСТИ

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өз ишин баштады.

Подробнее...

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналаган илимий- практикалык конференция 2018- жылдын 19 - октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде өтөт.

Подробнее...

Россиянын борбордук көргөзмөсүндө уюштурулган 31- Москва эл аралык китеп-ярмаркасында КМШ өлкөлөрүнүн "Искусстве книги" сынагында байгелүү орундарды алгандарды сыйлык тапшырылды

Подробнее...

Премьера нового фильма Марата Сарулу "Мария"

Подробнее...

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын, кинодокументалист, драматург, журналист жана коомдук ишмер Тазагүл Закированын 70 жылдык юбилейи белгиленди

Подробнее...

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып жарыяланган республикалык сынак 2018 –жылдын 1- ноябрында  аяктайт.

Подробнее...

Выездная встреча депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Аиды Касымалиевой совместно заместителем министра культуры, информации и туризма Кыргызской Республики Айнурой  Султанбаевой

Подробнее...

Делегация из Кыргызстана принимает участие в 33-м заседании Совета по культурному сотрудничеству государств-участников СНГ

Подробнее...

МАДАНИЯТ МЕКЕМЕЛЕРДИН АЙЛЫГЫ СУЛТАН ЖУМАГУЛОВИЧТИН КҮЧҮ МЕНЕН КӨБӨЙТҮЛДҮ

Подробнее...

9 октября прошла лекция Чрезвычайного и полномочного Посла Республики Кореи в Кыргызской Республике  Ха Тэ  Ек, посвященная  национальному празднику – Дню провозглашения корейского алфавита.

Подробнее...