4- октябрда Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан III Эл аралык Ысык - Көл форумунун мааниси, уюштуруу иш -аракететтери тууралуу Кыргыз Улуттук "Кабар" маалымат агенттигинде пресс- конференция болуп өттү.
Пресс -конференцияга Кыргыз Респсубликасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданият, искусство жана кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Алышбаева Дамира, философия илимдеринин доктору, мамлекеттик жана коомдук ишмер Жумагул Сааданбеков жана коомдук ишмер, Кыргыз - Түрк "Манас" университетинин профессору Осмонакун Ибраимов катышты.
"Кыргыз Республикасы бул Ысык- Көл форумун жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн бардык иш- аракеттерди жасап жатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга чакыралган коноктордун 90 пайызы келди. Программага ылайык, форумдун катышуучулары бүгүн "Ата - Бейит" тарыхый мемориалдык комплексине барып, Ч. Айтматовдун жаткан бейитине барып, гүл чамбар коюлат",- деп белгиледи.
Ал эми, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Ж. Сааданбеков жана О. Ибраимов Ч. Т. Айтматовдун алгачкы уюштуруп өткөргөн Ысык- Көл форумунун максаты, мааниси жана алдыга койгон милдеттери тууралуу ой бөлүштү.
Маалымат катары билдирсек, Ысык- Көл форуму 4 - 7 - октябрь кундөру Бишкек жана Чолпон- Ата шаарларында өтөт.
Учурда форумга арналган атайын web – сайт, логотип иштелип чыккан. Маданият министрлиги тарабынан форумдун коноктору үчүн эстелик сувенирлери даярдалды.