Кырчын жайлоосунда салттуу искусствосу боюнча көрсөтмөлүү мелдеш болот

17.08.2018

Кырчын жайлоосунда салттуу искусствосу боюнча көрсөтмөлүү мелдеш болот

 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары убагында Кырчын жайлоосундагы этно-шаарчада 5-сентябрь күнү Хан Ордонун борбордук аянтчасында салттуу искусство боюнча мелдеш өтөт. “Көчмөндөрдүн турмуштук оюндары” конкурсунун алкагында Кыргызстандын бардык областарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген командалар, ошондой эле коомдук маданий уюмдардын жана борборлордун өкүлдөрү көчмөн элдеринин жашоосунда колдонулган искусствонун ар кандай салттуу түрлөрү боюнча жарышышат: “Ийик ийирүү”, “Жүк жыюу”, “Ала кийиз басуу”, “Чий согуу”, “Жөө айтыш”, “Уук жасалуучу талды тез арчуу” жана башка.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында мындай мелдештер биринчи жолу өткөрүлөт. Конкурстун негизги максаты ата мекендик жаштарга жана чет элдик конокторго байыркы көчмөндөрдүн салттуу искусствосун көрсөтүү, көчмөндөрдүн жашоо турмушунда колдонгон оокат буюмдарын жана аларды жасоо методдорун үйрөтүү болуп саналат. “Ийик ийрүү” республикалык конкурсуна 16 команда катышат. Жипти сапаттуу жана бат ийрүү мелдеши болгону 15 мүнөткө созулат. Конкурстун калысы жыйынтыгында жиптин сапатын, узундугун жана ичкелигин туура жасалганын жана ийикти туура пайдаланганын, жүндүн сапатын баалайт. “Жүк жыюу” конкурсунда катышуучулар жүктөрдү салттуу чеберчилик менен жыюну көрсөтүшөт, атап айтканда аймактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кыздын себин жыюну билүү. Бул салт кыргыз көчмөндөрүнүн жашоосунда кеңири колдонулуп жана улуттук стилде тигилген жүктөрдү жыюу ыкмалары энеден кызга берилип келген. Конкурстун жеңүүчүсү болуп баарынан ылдам бардык салттуу эрежелерин эске алуу менен жана сактоо менен жүктү жыйган катышуучу аныкталат. “Ала кийиз басуу” – кийизден килем жасоо. Көчмөн кыргыздар илгертен койдун жүнүнөн ар кандай буюмдарды жасашкан, алардын ичинде кийиз килем.

Бул конкурста командалар оюу тушүрүү менен кийиз килем жасоо чеберчилигин көрсөтүшөт. Конкурстун калысы чеберчилигин, иштин сапатын, кийиздин өңүн жана башка параметрлерин баалайт. Боз үй – көчмөн кыргыздардын алып жүрүүчү салттуу үйү. Боз үй жасоодо чийден согулган буюм дагы колдонулат. “Чий согуу” конкурсунда командалар чий согуу чеберчилигин көрсөтүшөт. “Уук жасалуучу талды тез арчуу” – боз үй тигүү үчүн пайдаланылуучу шыргыйларды тез арчуу. Бул конкурста жети областан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген командалар, ошондой эле коомдук маданий уюмдардын жана борборлордун өкүлдөрүнөн чеберлер катышат.

Ар бир команда узундугу 5 метр болгон 20 шыргыйды арчыйт. Көчмөн кыргыздары майрамдарда (тойлордо) айтыш мелдешин өткөрүп келген. “Жөө айтыш” конкурсунда катышуучулар сөз колдонуу чеберчилигинде жарышышат. Калыс ооз эки айтыша ала турганын, макал лакаптарды, жаңылмачтарды жана башкаларды билүүсүн баалайт. “Көчмөндөрдүн турмуштук оюндары” салттуу искусствосу боюнча мелдеш өткөрүү, бул көчмөндөрдүн жашоо элементтерин түзүүнү гана эмес, ата-бабалар жөнүндө жана көчмөндөрдүн тарыхы менен таанышып тыгыз байланышта болуу мүмкүндүгүн берет.

НОВОСТИ

Фархад Бекманбетов назначен генеральным директором Кыргызского Государственного цирка имени А. Изибаева.

Подробнее...

В отношении руководства Кыргызского национального театра оперы и балета будет принята дисциплинарная ответственность.

Подробнее...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшырды.

Подробнее...

Жумабек Ибраимовдун 75 жылдыгына арналган «Өчпөс ысым» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Подробнее...

Представлена книжная выставка «Өчпөс ысым», посвященной 75-летию со дня рождения государственного и общественного деятеля Жумабека Ибраимова.

Подробнее...

Юбилейная персональная выставка ДЖЫЛДЫЗБЕКА МОЛДАХМАТОВА

Подробнее...

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялады

Подробнее...

Избраны академики Международной Академии Чингиза Айтматова

Подробнее...

Ушла из жизни выдающаяся оперная певица и педагог, народная артистка Кыргызской Республики, лауреат премии Союза молодёжи Киргизской ССР Эсенбю Нурманбетова

Подробнее...

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты сыйлыктарын изденип алууга ачык сынак жарыялайт.

Подробнее...