Кыргыз аялзатынан чыккан туңгуч балетмейстер Кыргыз Республикасынын Эл артисти Күлбүбү Чортоновна Мадемилова 89 жашында дүйнө салды.

27.07.2018

Кыргыз аялзатынан чыккан туңгуч балетмейстер Кыргыз Республикасынын Эл артисти, профессор Күлбүбү Чортоновна Мадемилова 89 жашында дүйнө салды.

 

Кыргыз балет искусствосу оор жоготууга учурады – кыргыз аялзатынан чыккан туңгуч балетмейстер Кыргыз Республикасынын Эл артисти, профессор Күлбүбү Чортоновна Мадемилова 89 жашында дүйнө салды. Күлбүбү Мадемилова 1929-жылы 20-февралда Фрунзе шаарында туулган. 1937-1941 жылдары Ленинграддагы Ваганов атындагы хореография окуу жайда окуган. 1939-жылы Кыргыз АССРинин маданият жана искусство чыгармачылыгынын Москва шаарында өткөн 1-декадасына активдүү катышкан. 1941-жылдан 1953-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында солисти катары эмгектенген. Күлбүбү Мадемилова “Аккуу көлү”, “Раймонда”, “Лауренсия”, “Бахчисарай фонтаны”, “Коппелия”, ”Кызыл кызгалдак”, “Чолпон”, “Анар”, “Селкинчек” балет спектаклдеринде башкы партияларды жогорку чеберчилик менен аткарган. 1953-1958-жж. Москвадагы Луначарский атындагы мамлекеттик театралдык институтта окуп, “Режиссер-балетмейстер” деген кесипке ээ болгон. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрына башкы балетмейстер болуп дайындалган. 1963-жылы “Кыргыз ССР маданиятына эмгек сиңирген артисти” наамы берилген. Башкы балетмейстер катары бир нече классикалык балеттерди койгон. Алардын арасында “Жизель”, “Чоң вальс”, “Түнкү Египет”, “Франческа да Римини”, “Испан каприччиосу” ж. б. 1977-1987-жылдары Кыргыз мамлекеттик бий ансамблинин көркөм жетекчиси болуп иштеген. 1979-жылы “Кыргыз ССР Эл артисти” жогорку наамга татыктуу болгон. 1981-жылы Ысык-Көлдөгү “Боз салкын” ыр-бий ансамблин түзгөн. 1997-жылы Кыргыз Улуттук консерваториясынын алдында “Балетмейстер” кафедрасын ачкан. Күлбүбү эжебиздин үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын терең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Эмгеги жана адамгерчилик сапаттары менен үлгү болгон ишмер, устат Күлбүбү эжебиздин жаркын элеси жүрөгүбүздө сакталат.

 

С.Ш. Жээнбеков, Д.А. Жумабеков, М.Д. Абылгазиев, М.И. Бакиров, А.С. Кодуранова, К.А. Боронов, А.С. Өмүрбекова, Ж.П. Разаков, З.М. Аскаров, Г.С. Молдобекова, С. Шер-Нияз, Д.А. Эсеналиев, С.К. Ибраев, М.К. Мукамбетов, С. Жумагулов, С.А. Раев, Б. Жакиев, Б. Осмонов, М. Бегалиев, К. А. Нуртазин, А. Токомбаева, К. Сартбаева, Р. Чокоева, Т. Сейталиев, Э. Муктарова, Ж. Кулманбетов.

Маалымат: Маркум менен коштошуу аземи 29-июль саат 10.00дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрында өтөт.

НОВОСТИ

Аймактарды өнүктүрүү жылында аймактык мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын мыктылары сыйланды.

Подробнее...

Сегодня стартовал VIII Международный кинофестиваль короткометражных фильмов стран СНГ, Балтии и Грузии «Кыргызстан - страна короткометражных фильмов»

Подробнее...

Сегодня, 12 декабря 2018 года в городе Ташкент состоялась торжественная церемония открытие барельефа Чингиза Айтматова, установленного одноименной улице.

Подробнее...

Чынгыз Айтматов 12 - декабрь күнү 90 жашка чыкмак.

Подробнее...

Президенти Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду

Подробнее...

Айматовдун кинолору санариптелди

Подробнее...

Айтматов жумалыгы - кино тармагында

Подробнее...

Ч.Т.Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган жаштар арасында жана массалык маалымат каражаттар арасында жарыяланган республикалык сынагы жыйынтыкталды.

Подробнее...

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов С.А. Герасимов атындагы Бүткүл Россиялык мамлекеттик кинематография институтунда болду.

Подробнее...

В Доме - музея М.В.Фрунзе открывается мероприятие, посвященное 16-летию со дня провозглашения 57-сессией Генеральной Ассамблеи ООН по инициативе Кыргызской Республики

Подробнее...