Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Тенти Орокчиевдин туулгандыгынын 80 жылдыгы белгиленет.

12.09.2018

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Тенти Орокчиевдин туулгандыгынын 80 жылдыгы белгиленет.

2018-жылдын 13-сентябрында саат 11: 00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Тенти Орокчиевдин туулгандыгынын 80 жылдыгына арналган “Ыймандай сырым ырымда, жашаган өмүр жылымда” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана адабий-чыгармачылык иш-чарасы өткөрүлөт.

Белгилүү акын жана журналист Тенти Орокчиев 1938-жылы 8-сентябрда Тоң районундагы Көк-Сай айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн, 1955-жылы Төрт-Күл орто мектебин бүтүргөн. 1958-жылы Каракол шаарындагы педагогикалык институтка кирип, кыргыз мектептеринде орус тил мугалими адистигине ээ болгон.

1965-жылдан чыгармачылык ишке өтүп, “Мугалимдер газетасында” адабий кызматкер, 1969-жылдан Кыргыз Совет энциклопедиясында илимий редактор, ага илимий редактор кызматтарында иштеген. Андан кийин Кыргыз телерадиосунун адабий-драма редакциясында редактор, ага редактор, башкы редактордун орун басары (1974–2002) болгон. Отуз жылга жакын убакыттын ичинде Т. Орокчиев “Поэтикалык экран”, “Поэтикалык саптар”, “Ыр толкуну” аттуу поэтикалык уктурууларды, “Саякат”, “Таберик”, “Адабият жаңылыктары” сыяктуу радиоуктурууларды алып барды. Ошону менен катар эле “Театр микрофондо” деген аталыштагы топтомдордо онго жакын (мисалы, “Авредиттик акылман”, “Мактым сулуу баяны”, “Калган кайран турмуш” сыяктуу) радиопостановкаларды, радиопьесаларды жазды. Телерадио комитетте иштеген 30 жыл ичинде он мүнөттөн бир жарым саатка созулган үч миңге жакын радиоуктуруулардын редактору жана автору болду. Алардын ичинен 300гө жакын радиопостановка, радиопьеса, радиомаектер Кыргыз радиосунун алтын фондунда жана мамлекеттик архивде сакталып турат.

Тенти Орокчиев 1973-жылдан – СССР журналисттер союзунун, 1994-жылдан – Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наам берилген, Кыргыз Республикасынын улуттук телерадиокомпаниясынын отличниги (1998), Эл аралык “Түгөлбай-Ата” коомунун сыйлыгынын ээси, “Даңк” медалы, Ардак грамоталар, Дипломдор менен сыйланган.

НОВОСТИ

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өз ишин баштады.

Подробнее...

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналаган илимий- практикалык конференция 2018- жылдын 19 - октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде өтөт.

Подробнее...

Россиянын борбордук көргөзмөсүндө уюштурулган 31- Москва эл аралык китеп-ярмаркасында КМШ өлкөлөрүнүн "Искусстве книги" сынагында байгелүү орундарды алгандарды сыйлык тапшырылды

Подробнее...

Премьера нового фильма Марата Сарулу "Мария"

Подробнее...

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын, кинодокументалист, драматург, журналист жана коомдук ишмер Тазагүл Закированын 70 жылдык юбилейи белгиленди

Подробнее...

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып жарыяланган республикалык сынак 2018 –жылдын 1- ноябрында  аяктайт.

Подробнее...

Выездная встреча депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Аиды Касымалиевой совместно заместителем министра культуры, информации и туризма Кыргызской Республики Айнурой  Султанбаевой

Подробнее...

Делегация из Кыргызстана принимает участие в 33-м заседании Совета по культурному сотрудничеству государств-участников СНГ

Подробнее...

МАДАНИЯТ МЕКЕМЕЛЕРДИН АЙЛЫГЫ СУЛТАН ЖУМАГУЛОВИЧТИН КҮЧҮ МЕНЕН КӨБӨЙТҮЛДҮ

Подробнее...

9 октября прошла лекция Чрезвычайного и полномочного Посла Республики Кореи в Кыргызской Республике  Ха Тэ  Ек, посвященная  национальному празднику – Дню провозглашения корейского алфавита.

Подробнее...