Министр Азамат Жаманкулов Ош шарындагы бир катар маданият мекемелеринин абалы менен таанышты.

06.11.2018

Маданият министри Азамат Жаманкулов Ош шарындагы бир катар маданият мекемелеринин абалы менен таанышты.

Ош шаарындагы “Семетей” кинотеатры

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Кинематография департаментине караштуу Ош шаарындагы “Семетей” кинотеатрынын абалы менен таанышты. 
Жолугушууга Кинематография департаментинин директору Мукталы Абдыбеков катышып, кинотеатр тарабынан жасалып жаткан иш аракеттер жана жалпы кинотеатрдын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

“Кинотеатрды толугу менен оңдоп – түзөө иштери Кореялык инвестордун көмөгү менен аткарылган. Учурда 3D форматында көргөзүүчү төрт кино залы жана заманбап үлгүдөгү техникалар менен камсыз болгон”- деп билдирди Мукталы Бектеналиев.
Ал эми, кинотеатрга көрүүчүлөрдү тартуу боюнча бүгүнкү күндө толук кандуу иш аракеттер жүргүзүлүп жатат жана шарттар толугу менен түзүлгөн деп билдирди театр өкүлдөрү.

“Семетей” кино театры 2017 –жылдын 1 – июнунан тартып оңдоо түзөө иштеринен кийин пайдаланууга берилген. Кинотеатр түштүк жериндеги акыркы үлгүдөгү санариптик “Barco” жана “Christie” технологиясы менен жабдылган бирден – бир театр болуп эсептелет.

Т. Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасы

Министр Азмат Жаманкуловдун кийинки иш сапары Т. Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасынын ишмердүүлүгү менен таанышуу менен улантылды.
Китепканын жалпы ишмердүүлүгу туурлуу маалыматты аталган китепкананын директору Бактыгүл Мырзаева жана китепкананын бөлүм башчылары айтып берди.

“Биздин китепкана китеп фондусуна бай бирден – бир китепкана. Бүгүнкү күндө китеп сүйүүчүлөрдү керектүү маалыматтар менен камсыздоо үчүн толук шарт бар. Китепканага келген окурмандын санын аныктоо да колго алынып, керектүү технология менен камсыздалган. Учурда китепкананын түзүлгөн тарыхынан баштап ушул күнгө чейиники басып өтүү жолдору тууралуу атайын бурч жасалып жатат”, - деп билдирди директор.

Т. Сатылганов атындагы облустук китепкана XIX кылымда жергиликтүү меценаттардын жеке коллекциясындагы китептерди чогултуп берүүсү менен башталып, алардын каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Алгач окуу залы катары башталып, 1929 – жылы шаардык китепкана катары иш алып барган. Ал эми, 1949 – жылы “облустук китепкана” статусун алган. 1974 –жылы Т. Сатылгановдун ысымы берилген.

«Сулайман-Тоо»улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси

Министр Азамат Жаманкуловдун Ош шаарындагы иш сапары «Сулайман-Тоо»улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине баруу менен жыйынтыкталды.

Музей комплекстин жетекчиси Султанбек Адрахманов мекеменин жалпы эмгек жамааты менен тааныштырып, алдыда аткарыла турган приоритеттүү иш – чаралар менен тааныштырды.

Министр жалпы эмгек жамаат менен маектешүү учурунда, “Мен сиздер үчүн дайыма жеткиликтүүмүн жана жаңы идея, демилге, аны ишке ашыруу үчүн колдон келген аракеттерди жасоо үчүн көмөктөшүүгө даярмын”,- деп билдирди.

Мындан сырткары, учурда көйгөй болуп келген «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин айланасындагы мыйзамсыз салынган курулуштар тууралуу маалыматтар берилип, аны чечүү жолдору талкууланды.

Эске салсак, аталаган комплекс 1949 – жылы түзүлгөн. Музейде кыргыз элинин улуттун сыймыгы болгон баалуу тарыхый жана маданий эстеликтери сакталып турат. Комплекс жайгашкан Сулайман –Тоо ЮНЕСКОнун тизмесине биринчилерден болуп кирген Кыргызстандын объектиси болуп саналат. 2019 – жылы музей түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгын белгилейт.

Кыргыз Республикасынын
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 
Басма сөз кызматы

НОВОСТИ

17 ноября 2018 года кинематографисты Кыргызстана отметят День кыргызского кино

Подробнее...

Астана жаштар театрынын актерлору Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын сахнасында

Подробнее...

Бүгүн 15-ноябрдан тарта 3-Республикалык «Карек» балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы башталды.

Подробнее...

Сегодня 15 ноября стартует 3-ий Республиканский детско-юношеский кинофестиваль “Карек”

Подробнее...

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Жогорку Кеңеште ант берди

Подробнее...

Состоялась первая встреча министра культуры Азамата Жаманкулова с Чрезвычайным и Полномочным Послом Бангладеша в Кыргызстане Мосудом Маннан.

Подробнее...

Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик театры "Жамийла" спектакли менин сахнада

Подробнее...

“Мага сыйлык сурап эмес, жаңы идея менен келүүңүздөрдү суранам”.

Подробнее...

Бишкеке стартовал Международный театральный фестиваль «Айтматов и театр» посвященный народному писателю Кыргызской Республики Чингиза Айтматову.

Подробнее...

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоосу.

Подробнее...