NOMAD: Этнофестивалдын негизги максаты – маданиятыбызды калыптандыруу

07.09.2018

6-сентябрда, Көчмөндөр оюндарынын алкагында “Nоmad” амфитеатрында “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалынын салттуу ырлары, бийлери уланууда. Иш-чаранын жүрүшү Искусство фестивалынын чөйрөсүндө өттү. Этнофестивалдын көрүүчүлөрү майрамдык маанайдагы концерт көрүштү. Искусство фестивалы “Көчмөндөр шаасы” прологу менен башталды.

Майрамдын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү, Көчмөндөр оюндары долбоорунун автору Асхат Акибаев куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Чет элдик конок катышуучуларга фестивалга ийгиликтүү катышууну, өз өлкөсүнүн, жеринин өзгөчөлүгүнүн философиясын салтту ырлар, бийлери аркылуу кыргыз элине тааныштыраарын айтып өттү. Ошондой эле Көчмөндөр ааламынын алкагында өткөрүлгөн этнофестиваль бир катар чет өлкөлөрдүн башын кошуп, ошол элдердин маданияты менен таанышууга шарт түзөөрүн баса белгиледи.

Фестивалдын расмий бөлүгүндө Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов: “Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлүп жаткан этнофестивалдын негизги максаты – дүйнө элдеринин маданияттарынын жок болуп бара жаткан компоненттерин сактап калуу”, - деди. Анын айтымында, 21-кылымда технология өнүгүп барат. Ааламдашуу доорунда, интернеттин заманында унутулуп бара жаткан маданият, каада-салттарды, үрп-адаттарды муундан-муунга өткөрүп, жаштарга мурас калтыруу керек. Бүгүнкү этнофестивалдан чет элдиктердин маданиятын, каада-салтын, кийим моодасындагы өзгөчөлүктөрдү көрүүгө болот. Этнофестивалдын натыйжасында маданиятыбызды жаш муундарга жаратылыш гармониясы менен айкалыштыруу каралгандыгын баса белгиледи.

“Nоmad” амфитеатрында Батыш-Америка, Гвинея-Бисау, Сьерра-Лионе, Либерия, Сенегал өлкөлөрүнүн музыкалык композициялары, Казакстандан Талгат Кожбановдун ооз комуз, Корея диаспорасынын барабанчыларынын салттуу аткаруусу, “Wel be” группасынын бий номери, Башкырстандын “Аргымак” тобунун аткарган салттуу чыгармалары көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, кол чабуулар менен коштолду. Мындан сырткары “Этномода” фестивалына катышууга келген Тажикстандан “Гурдофарид”, Тыванын “Эдегей”, Кыргызстандын “21-кылымдын шамандары” мода группаларынын саркеч кийимдери элди кызыктырып, аренаны шаңга бөлөдү.

Этнофестивалга чет элдик жана жергиликтүү өнөр ээлери 30дан ашуун чыгармаларын аткарышты. Алтай, Тыва, Монголия, Азербайжан, Түркия, Казакстан, Якутия, Кытай, Башкырстан сыяктуу дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн жана Кыргызстандын маданият ээлери салттуу ырларды, бийлерин көрсөтүштү. Мындан сырткары, катышууга келген өлкөлөрдүн саркеч кийимдери көрүүчүлөр алдында тартууланды.

“Көчмөндөр ааламы” этнофестивалына 300гө жакын өлкөлөрдүн маданият делегаттары “Этнохит” «Этнобий», «Этносаркеч», «Этнобазар», «Этноүй», айтышуучулук өнөр (эпостор) жанрлары боюнча катышышмакчы.
Чет элдиктердин жана кыргызстандыктардын концерттик программасы 7-сентябрда аяктайт.

НОВОСТИ

Аймактарды өнүктүрүү жылында аймактык мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын мыктылары сыйланды.

Подробнее...

Сегодня стартовал VIII Международный кинофестиваль короткометражных фильмов стран СНГ, Балтии и Грузии «Кыргызстан - страна короткометражных фильмов»

Подробнее...

Сегодня, 12 декабря 2018 года в городе Ташкент состоялась торжественная церемония открытие барельефа Чингиза Айтматова, установленного одноименной улице.

Подробнее...

Чынгыз Айтматов 12 - декабрь күнү 90 жашка чыкмак.

Подробнее...

Президенти Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду

Подробнее...

Айматовдун кинолору санариптелди

Подробнее...

Айтматов жумалыгы - кино тармагында

Подробнее...

Ч.Т.Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган жаштар арасында жана массалык маалымат каражаттар арасында жарыяланган республикалык сынагы жыйынтыкталды.

Подробнее...

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов С.А. Герасимов атындагы Бүткүл Россиялык мамлекеттик кинематография институтунда болду.

Подробнее...

В Доме - музея М.В.Фрунзе открывается мероприятие, посвященное 16-летию со дня провозглашения 57-сессией Генеральной Ассамблеи ООН по инициативе Кыргызской Республики

Подробнее...