Ыктыярчылар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө көмөктөшөт.

22.08.2018

Ыктыярчылар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө көмөктөшөт.

Ушул тапта Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чынгыз Эсенгуловдун катышуусу менен маалымат тармагында ишке тартылган ыктыярчылардын жолугуушусу өтүп жатат.

Жолугуушууда чет элден келген массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн тосуп алуу, алар менен иштешүү жана башка маселелер талкууланып жатат. Өз сөзүндө Чынгыз Эсенгулов "- ыктыярчылардын көчмөндөр оюндарына кошуп жаткан салымы өтө зор экендигин белгилеп, өлкөбүздүн улуттук долбоору болуп эсептелген оюндарды уюштуруу иш- аракеттерин жогорку деңгээлде уюштурулуп жаткандыгыбызды иш менен көрсөтүүбүз керек",- деп белгиледи.

Мындан сырткары, жолугушууда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова, «Бак Дөөлөт» коомдук фондунун жетекчиси М. Мураталиев, көчмөндөр оюндарынын логотибинин автору М. Асаналиев,КР ДМИК пресс-катчысы Н. Кадырназарова III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдыктар, ыктыярчылардын негизги милдеттери жана тапшырмалары, Кыргызстан жөнүндө ролик, Кыргыз элинин маданияты жана дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби тууралуу маалыматтарды берип жатат.

Эске салсак, массалык маалымат каражаттары менен иштөө үчүн ыктыярчылар атайын коюулган критерийлер менен тандалып, өткөрүлө турган иш- чаранын эл аралык деңгээлде экендигин эске алуу менен, чет тилин билген жана коммуникабелдүү ыктыярчылар тартылган.

НОВОСТИ

Аймактарды өнүктүрүү жылында аймактык мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын мыктылары сыйланды.

Подробнее...

Сегодня стартовал VIII Международный кинофестиваль короткометражных фильмов стран СНГ, Балтии и Грузии «Кыргызстан - страна короткометражных фильмов»

Подробнее...

Сегодня, 12 декабря 2018 года в городе Ташкент состоялась торжественная церемония открытие барельефа Чингиза Айтматова, установленного одноименной улице.

Подробнее...

Чынгыз Айтматов 12 - декабрь күнү 90 жашка чыкмак.

Подробнее...

Президенти Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду

Подробнее...

Айматовдун кинолору санариптелди

Подробнее...

Айтматов жумалыгы - кино тармагында

Подробнее...

Ч.Т.Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган жаштар арасында жана массалык маалымат каражаттар арасында жарыяланган республикалык сынагы жыйынтыкталды.

Подробнее...

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов С.А. Герасимов атындагы Бүткүл Россиялык мамлекеттик кинематография институтунда болду.

Подробнее...

В Доме - музея М.В.Фрунзе открывается мероприятие, посвященное 16-летию со дня провозглашения 57-сессией Генеральной Ассамблеи ООН по инициативе Кыргызской Республики

Подробнее...